Мындан бир-эки күн мурда интернетте мечиттин алдында колуна жаңы төрөлгөн наристесин кармап, кайыр сураган 15 жаштагы кыздын сүрөтү тараган. Али кыркы чыга элек баласын колуна көтөрүп, элден жардам суроого аргасыз болуп турган өспүрүм зордукталганын айтат. Самара (аты өзгөртүлдү) учурда жардамдын бардык түрүнө муктаж. Жашы жете электигине байланыштуу анын мобилдик капчыгы же банктык эсеби жок. Мындан улам, жаш эне накталай акча түрүндө жардам берүүңүздөрдү суранат. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0706 01 46 24
13 жылдан бери жууна элек кишиге жардам берген кыз
Интернет айдыңында Зайка деп таанылган Алтынай Султанбекова кайрымдуулукка багытталган контентти 3 жыл мурда баштаган. Блогер жан дүйнөсү менен жардамга муктаждарга...