Бир жылдары базарда коробка чогултуп, оорулуу апасына жардам берген Айчүрөктүн баяны интернетте кеңири тараган. Ал кезде Айчүрөк өспүрүм болчу. Ал бой жетип, турмушка чыгып, учурда сүйүктүү жар, бир баланын энеси. Бүгүнкү күндө анын апасы Ырыскан Сулайманова сол тарабы толугу менен иштебей, ага кошумча эмчек рагына кабылганын айтат. Ырыскан Сулаймановага жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Банктык эсеп: 9417 2194 4527 0402 Элсом: 0703 68 54 48
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









