“Уулумдун өзүн өзү атканына ишенбейм, шектүүнү да айыптабайм” дейт абакта октон өлгөн аскердин апасы

17-сентябрда Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде кызмат кылган аскер кызматкери окко учкан. Маркум кенже сержант Рустам Иминов 20 гана жашта болчу. Анын апасы Иминовду атууга шектүү делген тарапты күнөөлөбөгөнүн айтып, жаш жигитти бейкүнөө каматпоону суранат.