“Үйдүн жалгыз багуучусу болчу” | Тик учак кулап, каза болгон учкуч

Бүгүн, 19-январда Бишкекте тик учак кырсыгынан каза болгон Жайыл Самудинов менен коштошуу зыйнаты болду. Маркум быйыл 30 жашка чыкмак. Жакындарынын айтымында Самудинов быйыл сүйүктүүсүнө баш кошкону жаткан.

Капитан Жайыл Самудинов Орусиядагы Сызрань жогорку аскердик авиациялык учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Соңку кезде Башкы штабда кызмат өтөп жүргөн. Эскерте кетсек, 17-январда машыгууда “Фрунзе-1” авиабазасынын Ми-8 аскердик тик учагы кулап, экипаждын командири капитан Жайыл Самудинов курман болгон.