SuperTV’га ырчы Кудайберди Айтбосуновдун эжеси Салтанат Айтбосунова кайрылып, акыйкаттык издерин билдирди. 6-августка караган түнү Ысык-Көлдө 22 жаштагы сиңдисин унаа сүзүп кеткен. Ал төрт күн комада жатып, каза болду.
Маркумдун жакындарынын айтуусунда, коюп кеткен айдоочу мас абалда болгон жана аны сот камакка албай, үй камагына чыгарып койгон. Учурда алар соттун чечимине нааразы болуп, иштин акыйкат каралышын суранышууда. Толугу менен видеодо.