Тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Максат айылынын тургундары “Жарадар болгон балдарыбызды көтөрүп алып эки тоонун ортосунда качып бараттык…” деп ошол апаатты эстеп айтып берип жатышты. Алардын бири Зайнап Исманалы кызынын 2 баласынын бутуна ок тийип, бир баласы бөйрөгүнөн жабыркаган. Алар борборго алынып келип, балдар ооруканасында операция жасалды. Учурда балдардын абалы орто.
Тачка түрткөн мугалим: “Жолдошум түрмөдө”
Мээрим Молоева – орус тили жана орус адабияты мугалими. Ал аптанын 5 күнү мектепте, 2 күнү базарда араба түртүп иштейт....










