“Жолдошум “көзү көрбөгөн балдарды төрөйт” деп кемсинтип, чанып кетти”.

Кезектеги каарманыбыз Гүлзана Койгелдиева 3 баланы баккан жалгыз бой эне. Ал тубаса көз көрүүсү начар төрөлүп, дээрлик көрбөйт. Анын дарты тукум кууп, бүгүнкү күндө 3 баласынын экөөсүнүн көрүүсү начар. Ал “мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды төрөйт” деп жолдошу таштап кеткенин айтып кейийт.