Мындан эки ай мурда Кеминде 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган эле. Анда Митсубиси Пажеро үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн. Дал ошол автокырсыкта каза болгондордун жакындары биздин редакцияга кайрылып, күнөөлүү айдоочу азыркыга чейин тиешелүү жаза ала элек экенин айтышты. Толугу менен видеодо.
“2 перзентимден айрылып отурам”. Ак-Ордодо киши колдуу болгон бир туугандардын атасы
Ушул жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдүн биринде 2 адам өлтүрүлгөн. Бул тууралуу...










