Бишкектин Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-2 айылында газ жарылып кырсык катталды. Анын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бир бала жараат алган. Тургундардын айтымында, кырсык бүгүн 11-февраль күнү саат 14:00до болгон. Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы жакын үйлөргө кедергисин тийгизген. Учурда жараат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Жакын жашаган тургундардын айтуусунда, жарылып кеткен үйдө апасы эки баласы менен жашачу. Жарылуу катуу болгондуктан 10 чакты үйдүн дубалдарына жарака кетип, терезелери сынып кеткен. Түп орду менен урап калган бул турак жайда жарылуу эмне себептен экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Үч кабаттуу үйү өрттөнгөн экс-депутат Ыргал Кыдыралиева элден жардам сурайт
10-ноябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттөнгөн үй экс-депутат Ыргал Кыдыралиеваныкы экени маалым болгон. Ал учурда элдин...