Бүгүн Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан Чыныбай Турсунбековдун атындагы поэзия фестивалынын 3-күнү өттү. Анда 70тен ашуун акындын ичинен тандалып алынган 6 финалистти мыктысы аныкталды. Гран-при 4 баланын апасы акын Сайра Батыркуловага буюрду. Ал “Бул фестивалга биринчи жолу катышып жатам. Жеңип алам деп күткөн эмесмин. Бул жеңишти апам жана 4 балам менден да көбүрөөк күтүшкөн” дейт. Репортажды көрүңүз.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков жаңы рекорд жаратабы?
Бул ирет биз манас жана манасчылык өнөрү тууралуу манас таануучу, изилдөөчү Саматбек Жетиген жана манасчы Дөөлөтбек Сыдыков менен маектештик. Коноктор...