«Бейиш эненин таманында» тасмасында роль ойногон жокмун, жашадым»|Анара Назаркулова

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Анара Назаркулова — биздин бул жолку коногубуз.

Анара апа жакында эле жарык көргөн “Бейиш эненин таманында” тасмасында Райхан апанын ролун аткарды.

Актриса бул берүүдө дал ошол тасмадагы кызыктарды, театр дүйнөсүнө кантип аралашып калганын, жолдошу режиссёр, актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков менен кандайча табышып калышканын, агайдын ден соолугу тууралуу айтып берди.