«Чолпонум» деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым»…
Бул ырды окуп жатып, сиз да обонго салып ырдадыңызбы?
Дал ушул жана башка ырлардын автору, ырчы, обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алибаев жубайы менен «Жан шерик» берүүсүнүн кезектеги каармандары.
Алибаев «Жубайым менен 53 жашымда таанышкам» дейт. 25 жылдан бери бирге түтүн булатып жашап келе жаткан жубайлардын маеги видеодо.
Алтын шакек, учуп чык! Ырдадык, ойнодук, күлкүгө тойбодук
Жалпыңыздарды Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Майрам күнү маданият өкүлдөрү менен бирге музыкалык берүү тарттык. Жакшы музыка, жагымдуу аткаруу, жаз чакырган...