“Бирөөнүн төшөгүн аңдыган акылга сыйбайт” дейт Баян Акматов

“Интерньюс” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ысык-Көлдө төкмө акындарга медиа сабаттуулук боюнча 3 күндүк семинар өткөрдү. Медиа сабаттуулукту жарандарга акындар аркылуу жеткирүүгө багытталган семинардын соңунда төкмө акындардын айтышы орун алды. “Төкмө келсе төр бошот” демекчи, сөз өнөрүнүн төрөсү болгон төкмөлүк өнөргө орун берели.