Эксклюзив! “Өгөй атам абийиримди текшерткенде таарынгам” дейт Гүлнур Асанова

Учурда интернет айдыңында ырчы Гүлнур Асановага байланыштуу ар түрдүү кептер айтылып, ырчы кайсы-бир убакта “атасын карабай, таштап кеткен” деген кептер жазылууда. Ырчы бул маалыматты төгүндөп, өгөй атасы делген адам, тагыраагы “Туңгуюк”, “Күзгү жалбырак” тасмаларынын режиссёру Темираалы Маймашев менен жолугуп, маек берди. Алар 13 жылдан бери эми көрүшүп жатышканын, ага ортодогу таарыныч себеп болгонун айтышты.