«Эл үчүн жаралган адам эле»… Актёр Марат Жанталиевди жакындары эскерет

Бүгүн, 11-июнда «Бопуш» деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү. Анда актёрдун жакындары көзгө жаш алып, маркумду эскеришти.