«Элмирбек Иманалиев оорудан эмес, көңүл калуу, кайдыгерликтен өлдү. Акынды замандаштары эскерет

20-апрелде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, сөөгү 22-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Залкар эл акынын замандаштары эскерди.