«Элмирбек каза болуп жатып да мени дагы бир жолу популярдуу кылып кетти» дейт ырдын автору

Элмирбек Иманалиев аткарган «Коштошуу вальсы» ыры сөзүнө обону, обонуна сөзү, экөөнө аткаруучусу төп келишкен чыгармалардын бири. Бул чыгарма ырдын аткаруучусу көз жумганда дагы бир жолу даңкталды. Чыгарма качан жаралды эле? Көпчүлүктүн жүрөгүн багындырган анын өзгөчөлүгү эмнеде? «Коштошуу вальсынын» жаралуу тарыхын ырдын обонун жазган обончу Хабибулла Азиреткулов эскерет.