Эл алдында жүргөн атактуулардын арасында чыгармачыл үй-бүлө арбын. А бирок бала-чакасынан тышкары келиндери да өнөр адамдары болгондор саналуу гана, балким жалгыздыр. Бүгүн биз сөз кылчу үй-бүлө дал ошондой, толук кандуу өнөр адамдары десек болот.
Кеп комузчу Ишен Календаров менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова түптөгөн кичи мамлекет тууралуу болмокчу. Коноктор басып өткөн оор күндөрүн эскерип, үй-бүлөлүк баалуулуктары тууралуу кенен айтып беришти.
Улгулуу уй булоо деп билемин.Гулнара Кахарова,Алтынай Нарбаева ,Гулзат Байзакова эжекелерибизди сыйлайбыз.Булардын мээнети ак деп билемин