“Кошулушуп эки жаш
Жуп болуптур, жар-жар”…
Бул ырды ким гана билбейт? Үлпөт тойлордун гимнине айланган “Жар-жар” ырынын авторлору кимдер экенин билет белеңиз? 30 жылдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй, бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келген бул белгилүү ырдын жаралуу тарыхын анын обонун жазган композитор Адылжан Абдуллаевден сурадык. Ырдын сөзү маркум Жолочу Рыспаевге таандык. Бул чыгарманы аткарган ырчылардын айрымдары “Жар-жар” тууралуу “Кыргызстанда эң көп ырдалган ыр. Эгер бул ырды авторлору сатканда, байып кетишмек” дешет. Толугу менен видеодо.
“Келиндер козголоңун” коюп батир сатып алган артисттер
Мындан 20 жыл мурда “Келиндер козголоңу” аттуу чыгарманы алгачкылардан болуп кыргыз коомчулугуна тартуулаган ырчы Асел Турдалиева жана бир катар артисттер...