Жарамазан тилемчиликке айландыбы?

Орозо айы Жарамазан айтуу менен коштолот. Жарамазан деген эмне? Ал элдик фольклордук жанрдагы чыгармабы же диний темага кирген ырбы? Жарамазан айтуу – тилемчиликтин жаңы формасына айланып кеткен жокпу? Түпкү тарыхы бурмаланып кеткен жокпу? Бул ирет биз он эки айда бир келген Орозонун кунүндө айтылган Жарамазан темасынын алкагында сүйлөштүк.