КВНчи Маратиктин жаназасына жүздөгөн адам келди

“Азия Mix” КВН командасынын оюнчусу, спортчу, “Маратик” каймана аты менен таанылган Марат Жуманалиев бүгүн акыркы сапарга узатылды. Маркумдун жаназасы Бишкектеги борбордук мечитте жума намаздан кийин өттү. Ага жүздөгөн адам катышты.