«Күйөөм күтүлбөгөн жерден каза болду» дейт актриса Гүлсина Чотонова

«Карагыз» тасмасы аркылуу коомчулукка таанылган актриса Гүлсина Чотонова 20 жылга чукул чогуу түтүн булаткан түгөйүнөн айрылып кабыргасы кайышып турган чагы. «Жолдошум кызымды мектепке жеткирип келгенде күтүүсүздөн жыгылып, ошол боюнча кайрылбас сапарка кете берди», — деп актриса өмүрлүк жарын эскерет.