“Маданият министрлиги көңүл буруп койгон жок”… Тургуналы Нурматовду жакындары эскерет

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор Тургуналы Нурматов 4-июль күнү 68 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Маркумдун жубайы, бир тууганы жана уул-келини ырчыны эскеришти.