«Мөлмөлүмдү» жанданткан Малик Аликеевди үй-бүлөсү эскеришти

17 жашында «Мөлмөлүм» ырына экинчи өмүр берип, атагы чыккан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин үй-бүлөсү маркумдун жакын санаалаштарын, дос-туугандарын чакырып, куран окутушту.
Күйүткө батып турган маркумдун үй-бүлөсү анын акыркы күндөрүн, аткарылбай калган тилектерин аттиң кылып айтышты.