“Өмүрүңдү мага арнайсың дегендер болду” дейт Шайыр Касымалиева

1990-жылы Кыргыз Улуттук драма театрынын босогосун аттап, 32 жылдык өмүрүн театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева театр менен коштошту. Актриса акыркы кезде ден соолугу жакшы болбой, көп нерсеге жол бербей жатканын айтты.