«Шакиртим кыйналбасын деп, мага берилген үйдү ага тапшырдым» дейт манасчы Рысбай Исаков

Жакында гана 8 манасчыга үй белекке берилип, сертификатты тапшыруу учурунда манасчы Рысбай Исаков өзүнө берилген батирди шакирти Нурбек Талантбековго тапшырган. Устат-шакирт манасчылардын оңой эмес жашоосу, манасчылар чөйрөсүндө айтылып жүрргөн чуулуу окуяга байланыштуу пикирлерин маек учурунда айтышты.