«Үй-бүлөм менен чатырда жашайм» дейт Кожожаш атыккан актёр Догдурбек Кыдыралиев

«Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Догдурбек Кыдыралиев 30 жылдан ашуун көп кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырында жашайт. Кезинде кыргыз, казак тасмаларындагы ролу аркылуу дүйнөнү дүңгүрөткөн актёрдун тагдыры, учурдагы жашоосу тууралуу кеп курдук.