Ырыс Жоомартова менен министрдин чыры эмнеде?

Белгилүү режиссёр Ырыс Жоомартова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Ал бир жарым жыл мурун «Октябрь» кинотеатрына директор болуп дайындалган учурда кинотеатрдын абалы мышык ыйлагыдай болгонун айтат. Кинотеатрга өз чөнтөгүнөн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, акыркы иштери калганда Чүй драмалык театрына өткөрүлүп берилет дегенди угуп, акыйкаттык издеп жүргөнүн билдирди.