Бүгүн күнгө жекшемби, 24-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 4 айга чукул убакыт өттү. Туура жарым ай мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров соңку убакта болуп көрбөгөндөй колдоо менен утуп чыгып, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде жакын арада чуулуу кармоолор менен коштоло турган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.
Бишкекте Ташиевдин колдоосу менен жаштар жөө жүрүшкө чыкты. Эмне үчүн?
Бүгүн, 18-майда борбор калаада Филармониядан тартып, Эски аянтка чейин ак футболкачан жаштар жөө жүрүшкө чыгышты. Алардын катарында шаар бийлигинин өкүлдөрү...