3-мартта Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алышкандары коомдо кызуу талкууну жаратты. Бул боюнча куудул Рахман Разыков өз ою менен бөлүштү. Ал бийликке келген адамдардын сынды туура эмес кабыл алып жатышкандыгын белгиледи. Өз сөзүндө 1993-жылы кабыл алынган конституция дээрлик 3 жылда жазылгандыгына токтолуп, учурдагы кабыл алып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алууда шашпай, атайын юристтердин, эксперттердин пикирин угууга чакырды.
Мадумаров эркиндикте | «Мунун баары мандат үчүн гана болду» деди ал
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 26-апрелге караган түнү УКМКнын тергөө абагынан чыкты. Аны 8 сааттан...