10-июнда ооруканада эсине келбей саясат таануучу Марат Казакпаев каза болду. Ал бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан бейтапканага жеткирилген болчу. 18-июнга караган түнү «Айыл банктын» мурдагы бөлүм башчысы Бакыт Асанбаев кармалган камерасында асынган абалда табылды. Буга байланыштуу депутаттарга «Бир аптанын ичинде УКМКнын тергөө абагында эки өлүм катталды. Мындай окуя биринчи жолу орун алып отурат. Буга ким жооп бериши керек» деген суроо менен кайрылдык. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жооп берген депутаттардын тизмеси:
— Исхак Масалиев («Бүтүн Кыргызстан»);
— Дастан Бекешев (бир мандаттуу округ);
— Жанар Акаев («Альянс»);
— Балбак Түлөбаев («Ынтымак»);
— Нуржигит Кадырбеков («Ыйман нуру»);
— Мирлан Самыйкожо (бир мандаттуу округ).