“Той, той, мына, бүгүн той, той”, “Жаным, жаным, эх, жаным”… Кезинде минтип сиз деле ырдап калгандырсыз?! Мындан 25-30 жыл мурда ушул жана башка ырларды аткарып, ал эле эмес, куудулдук өнөрү менен да калың элге таанылган Кубик Калыковду “Ностальжи” берүүсүнө чакырдык. Ал бул маекте ошол кездеги айылдардын маданият үйлөрүндө концерт койгон күндөрүн, 90-жылдардын аягындагы финансылык кризисте кыйналган учурларын, кесиптештеринин кызыктуу окуяларын эстеп айтып берди. Кубик Калыковдун кайсы ыры же аткарган сатирасы эсиңизде? Комментарий калтырыңыз.
Султан Садыралиев: “Москвада болбой калган концерт үчүн элге миллион рублдан ашык акча төлөп бердим”
Бул жолку коногубуз ырчы Султан Садыралиев. Анын дарегине карата негативдүү пикир жок. Бул тууралуу ал “үйдөгү маселелерди сыртка чыгарбай, менин...









