Сапар Сайназаров режиссёрлук кылган “Кайнене-2” тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Актёр Болотбек Тилек, актрисалар Динара Багышбаева менен Айгерим Саматова башкы ролду аткарган бул тасманын экинчи бөлүгүндө кош бойлуу келин менен жолдошунун жана албетте кайнененин мамилеси көрсөтүлгөн.