Биз “Күйдүм чок” берүүсүнүн 2-чыгарылышын тарттык. Анда конокто колдоруна музыкалык аспаптарын кармап, ырчылар Рустам Сагыналиев, Ирлан Таалайбеков, Нурила, Канышай Сүйүнбай, Нурсултан Курманбеков жана куудул Талас Кашкариев болду. Кудум айылдын четиндеги отурушту элестеткен музыкалык берүүдө алар ырдап, ойноп, тамашалашып, башынан өткөн окуяларын айтып берип отурушту.
Гүлжайна Атаканова, куудул: «Чыгармачылыкты тандап жолдошум менен ажырашкам»
Бул жолу SEREPTV_Podcast’та куудул Гүлжайна Атаканова конокто болду. Ал бул берүүдө үй-бүлө, шоу-бизнестеги достук, жашоодогу оош-кыйыштар туурасында айтып берди. Толугу...