Бишкектин Аламүдүн районунда жайгашкан ГЭС-2 айылында газ жарылып кырсык катталды. Анын кесепетинен 14 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бир бала жараат алган. Тургундардын айтымында, кырсык бүгүн 11-февраль күнү саат 14:00до болгон. Жарылуу катуу болгондуктан жанындагы жакын үйлөргө кедергисин тийгизген. Учурда жараат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Жакын жашаган тургундардын айтуусунда, жарылып кеткен үйдө апасы эки баласы менен жашачу. Жарылуу катуу болгондуктан 10 чакты үйдүн дубалдарына жарака кетип, терезелери сынып кеткен. Түп орду менен урап калган бул турак жайда жарылуу эмне себептен экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
27 жаштагы келиндин өлүмү. “Балдарынын көзүнчө бычакталыптыр”| Маркумдун атасы
27 жашында 34 жаштагы жолдошу тарабынан бычакталып, алган оор жаракатынан улам ооруканада бир үйдүн көкүрөк күчүгү, эрке кызы жан бергенин...