Жума, 26.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 14.05.2021

ЖАҢЫЛЫКТАР. Бишкекте эне-кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнүн чоо-жайын шектелип кармалган 16 жаштагы өспүрүм айтып берет

ЖАҢЫЛЫКТАР. Бишкекте эне-кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнүн чоо-жайын шектелип кармалган 16 жаштагы өспүрүм айтып берет

Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Мелис Аспековду жалган жалаа үчүн сотко берүүнү көздөп жатат... «Калп жана жалган жалаа». Президенттин маалымат катчысы Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди... Бишкекте эне менен кызын мыкаачылык менен ...

🌷 Кызгалдактын кучагында калган Кыргыз өлкөсү (сүрөт)

15-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, ...

16 жаштагы Сальмина 20 күндөн бери дайынсыз болууда

16 жаштагы Сальмина 20 күндөн бери дайынсыз болууда

2005-жылы төрөлгөн Асылбекова Сальмина Асылбековна изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жайыл районундагы милиция кызматкерлерине 3-майда кайрылган аял киши өспүрүм кызын табууга жардам сураган. ...

Зарылбек Рысалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын ордуна ким келди?

Зарылбек Рысалиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Анын ордуна ким келди?

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы 2017-жылы Өмүрбек Бабановдун ордуна "Республика-Ата Журт" партиясынан депутат болгон.  Анын ...

Кабулда мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адам көз жумду

Кабулда мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адам көз жумду

Ооганстандын борбору Кабулдагы мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды. Шаардык полициянын маалыматына ылайык, мечитте жума намазы окулуп жатканда бомба жарылган. Андан кеминде 15тей адам жараат алды. Полиция каза болгондордун ...

Коронавирус. Бишкектеги коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Коронавирус. Бишкектеги коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

Бишкекте коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардык транспорт бөлүмүнүн, троллейбус администрациясынын жана автобазанын адистеринен турган мобилдик топтор ИИМдин Патрулдук кызматы ...

Түптөгү 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. 5 жаштагы баланын абалы оор

Түптөгү 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. 5 жаштагы баланын абалы оор

12-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жол кырсык 2 аял кишинин өмүрүн алса, кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жаракат алган жарандардын абалын билүү үчүн Түп райондук ...

Ворух-Исфара жолуна каршы митинг. Баткен облусунун башчысы тургундардын сунушу эске алынарын айтты

Ворух-Исфара жолуна каршы митинг. Баткен облусунун башчысы тургундардын сунушу эске алынарын айтты

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынан келген аялдар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жолукту. Бул тууралуу облустук мекеменин басма сөз ...

Баткенде Ворух-Исфара жолунун курулушуна каршы болгондор митингге чыгышты

Баткенде Ворух-Исфара жолунун курулушуна каршы болгондор митингге чыгышты

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аялдары бүгүн Баткен облустук администрациясына митингге чыгышты. Митингчилер бийликтен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин бүтүрүүнү, аймактын жана жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты. Митингден видеолор ...

Бишкекте эне менен кызынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү өспүрүм буга чейин соттолгон

Бишкекте эне менен кызынын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Кылмышка шектүү өспүрүм буга чейин соттолгон

11-майда Бишкектеги Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кызынын жансыз денеси табылган. Эки адамдын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалып, кылган ишин мойнуна алды. ...

Коронавирус. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына Түркияга барбай коё турууну сунуштады

Коронавирус. Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарына Түркияга барбай коё турууну сунуштады

Түркияда медициналык кызмат көрсөтүү өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринде сактык полистеринин негизинде жүргүзүлөт. Сактык полистери жок болгон учурда, дарылануу үчүн акы төлөнөт. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги Түркияга барган чет өлкөлүк жарандарда ...

Улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады

Улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана 14-майдан 23-майга чейин онлайн режимде кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын сайтында айтылат. Мындай чечим өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган. «Окурмандар суроо-талаптары менен ...

Лебединовкада уурдалды делген 26 жаштагы кыз Беш-Күнгөй айылынан табылды

Лебединовкада уурдалган 26 жаштагы кыз. Кылмышка шектүү милицияга өзү барды

Лебединовкада кызды уурдоо фактысы боюнча изделип жаткан жигит милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 24 жаштагы шектүү ички иштер органдарына 12-майда адвокаты менен бирге барган. «Жигит менен ...

Индиянын Ганг дарыясына өлүктөр ыргытылбашы үчүн тор орнотулду

Индиянын Ганг дарыясына өлүктөр ыргытылбашы үчүн тор орнотулду

Индия өкмөтү Ганг дарыясына өлүктөрдүн ыргытылышынын алдын алуу үчүн атайын тор орнотушту. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды. Индиянын суу ресурстары боюнча министри Бихар Санджай Кумар Twitter баракчасы аркылуу бул ...

Өкмөт 100 күндүк иши тууралуу кеңешме өткөрдү

Өкмөт 100 күндүк иши тууралуу кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Кеңешменин ...

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат. Ал облуста бүгүн жана эртең болот. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысы бир катар айыл чарба ишканаларынын ачылышына катышып, алардын ...

“Күйөөм менен мал сыяктуу жашадым” дейт оорукчан баласын жалгыз баккан эне

“Күйөөм менен мал сыяктуу жашадым” дейт оорукчан баласын жалгыз баккан эне

30 жаштагы Мээрим Асанбекова кезинде жаңылганын, болгондо да болочок кайын энесинин сөзүнө кирип, турмушка чыкканын айтат. Бул ирет биз турмуштан жолу болбой, оорулуу баласын жалгыз баккан жаш келиндин аянычтуу тагдырын ...

Жалал-Абаддагы Шайдан-Сай каналына жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркады

Жалал-Абаддагы Шайдан-Сай каналына жеңил унаа түшүп кетип, 2 адам жабыркады

Жалал-Абадда Бишкек-Ош унаа жолунунда Дэу-Нубира үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, Шайдан-Сай каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Куткаруучулар тарабынан жабыркагандар оодарылган унаадан чыгарылып, ...

Садыр Жапаров коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирди

Садыр Жапаров коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу ...

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бишкектеги шайлоонун жокко чыгарылышы. Партиялардын күрөө акчасы кайтарылып берилбейт

11-апрелде Бишкек шаардык кеңештин депутаттык мандаты үчүн ат салышкан партиялардын күрөө акчасы кайтарылбайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, күрөөгө коюлган 50 миң сомду алуу үчүн 15 жана андан ашык пайыз ...

Бишкекте эне менен кызын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды

11-майда Бишкектеги Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне менен кызынын жансыз денеси табылган. Эки адамдын өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media өз ...

«Калп жана жалган жалаа». Президенттин маалымат катчысы Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди

«Калп жана жалган жалаа». Президенттин маалымат катчысы Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди

Жарандык активист Мелис Аспековдун Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгон мезгилде мурунку мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон январь айында өткөн президенттик шайлоого 10 миллион доллар алган ...

Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Мелис Аспековду жалган жалаа үчүн сотко берүүнү көздөп жатат

Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Мелис Аспековду жалган жалаа үчүн сотко берүүнү көздөп жатат

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров активист Мелис Аспековдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча чуулгандуу билдирүүсүнө комментарий берди. «Алдамчылыкка шектелген Мелис Аспеков социалдык тармактар ​​аркылуу Жээнбековдор Садыр ...

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими ...

Орусияда 5-кабаттан кыргызстандык окуучу кыз кулап түшкөн

Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык окуучу кызга операция жасалат

Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан кулап, ооруканада жаткан кыргызстандык 10 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти. "Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус ...

Сузакта 7-класстын окуучусу чатырдагы устунга асынып алды

Сузакта 7-класстын окуучусу чатырдагы устунга асынып алды

Кечээ, 13-май күнү саат 10:00 чамасында Сузак районунун 2007-жылы туулган 7-класстын окуучусу (эркек бала) үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. ...

Жапаров менен Эрдоган кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча пландарды белгилешти

Жапаров менен Эрдоган кызматташууну мындан ары арттыруу боюнча пландарды белгилешти

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-майда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти. Анда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана ...

АКШда вакцина алгандарга бет кап кийбөөгө уруксат берилди

АКШда вакцина алгандарга бет кап кийбөөгө уруксат берилди

АКШда вакцина алгандарга бет кап кийбөөгө, көчөдө жана имарат ичинде аралыкты сактабоого уруксат берилди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. Эмдөөдөн толугу менен өткөндөр мындан ары пандемиядан улам тыюу же чектөө ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.