Ишемби, 27.07.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 17.02.2022

ЖАҢЫЛЫКТАР. Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды

ЖАҢЫЛЫКТАР. Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды

· Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты; · Түркияда 3 кызы менен көчөдө калган келин Кыргызстанга келбей турганын айтты; · Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды; ...

«Жигитимден 5 жаш улуумун, кайненем мамилебизге каршы» дейт ырчы Назель

«Жигитимден 5 жаш улуумун, кайненем мамилебизге каршы» дейт ырчы Назель

"Жылаңач Баатыр" долбоорунун катышуучусу, ырчы Назель сүйүктүүсү менен маек төрүбүздө болду. "Болочоктогу кайненем биздин мамилеге каршы" дейт ырчы айым. Түгөйлөрдүн сүйүү баянын видеодон көрүңүз.

Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик клиника жайгашкан дагы бир имаратты кайтарып алат

Саламаттыкты сактоо министрлиги менчик клиника жайгашкан дагы бир имаратты кайтарып алат

Менчик клиника жайгашкан дагы бир имарат Саламаттыкты сактоо министрлигине кайтарып берилет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.  Маалыматка ылайык, 17-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 клиникалык көп ...

Прокуратура Викрам Рузахуновду кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Прокуратура Викрам Рузахуновду кыйноого алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкектин Ленин районунун прокуратурасы музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандагы кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, азыр баары Кишинев кызматташуу келишимдеринин алкагында ...

«Бешинчи каналдын» жетекчиси алмашты

«Бешинчи каналдын» жетекчиси алмашты

Рахат Сулайманов «Бешинчи канал» телерадиокомпаниясынын башкы директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу 17-февралда журналисттерге өзү билдирди. Анын айтымында, ал арызды өз каалоосу менен жазган. Сулайманов бул кызматка 2021-жылдын 12-январында дайындалган. Маалыматтарга ...

Эрнис Ашырбаев менен Азамат Апсатаров президенттин жардамчылары болуп дайындалды

Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” статусу ыйгарылды. Жарлык кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн, оозеки айтуучулардын иштөө системасын өркүндөтүү максатында кабыл ...

Өлкөдө жабылышы мүмкүн болгон 17 медициналык окуу жайдын тизмеси

Өлкөдө жабылышы мүмкүн болгон 17 медициналык окуу жайдын тизмеси

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү 17 менчик медициналык окуу жайды жабууну көздөп жатат. Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, 3 мамлекеттик медициналык окуу жайы калат. Алар: 1. "Адам" университети (Бишкек каржы-экономикалык академиясы); 2. ...

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан жазык иштин алкагында, жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деген коркутуу менен системалуу түрдө милиция кызматкерлери тарабынан акча каражаты талап кылышкан факты аныкталган, алардын талабы ар ...

Депутат: «Мектепте 7 сомго түшкү тамак берилет. Бул акчага кантип тамак жасаса болот?»

Депутат: «Мектепте 7 сомго түшкү тамак берилет. Бул акчага кантип тамак жасаса болот?»

"Аймактарда жайгашкан билим берүүчү мекемелерде окуучуларга берилип жаткан тамак-аш боюнча айткым келди", - деди депутат Лейла Лурова Жогорку Кеңештин жыйынында. "Чүйдөгү мектепте балдарга күнүнө 7 сомдон тамак-аш берилет. Чынын айтсам, ...

14 жылдан бери төшөктө жаткан апасын караган SUPERTV’нын каарманы үйлүү болду

14 жылдан бери төшөктө жаткан апасын караган SUPERTV’нын каарманы үйлүү болду

Мындан 3 ай мурда SUPERTV’га апасын жалгыз баккан кызы кайрылган эле. Өлүм аркасынан өлүм көрө берген анын апасы стресстен улам төшөктө жатып калган. “Апамды көтөрөм деп экөөбүз чогуу кулайбыз” деген ...

«Мал, зер буюмдар, акча, кийим-кече…» Сузакта уурулукка шектелген жигиттер кармалды

«Мал, зер буюмдар, акча, кийим-кече…» Сузакта уурулукка шектелген жигиттер кармалды

Сузакта уурулукка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө уурулардан зыян тартышкандыгын билдиришип, 8 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар короосунан малдарын, үйлөрүнөн сыналгы, ноутбук, ...

“Жолдошум ишке жарамсыз болуп калганда балам тамак сата баштады” дейт 7 баланын апасы

“Жолдошум ишке жарамсыз болуп калганда балам тамак сата баштады” дейт 7 баланын апасы

Тамак ташып, интернетте видеосу тараган 12 жаштагы Данияр аттуу бала – биздин бул жолку каарманыбыз. Ага жолугуп, биргеликте оромо саттык. Данияр 7 бир тууган. Ал атасынын ден соолугуна байланыштуу батирде ...

«Ыйлабасын деп аракка мурч кошуп берип». Жалал-Абадда 2,5 жаштагы кызды өлтүргөн делген өгөй атасы 4,5 жылга соттолду

«Ыйлабасын деп аракка мурч кошуп берип». Жалал-Абадда 2,5 жаштагы кызды өлтүргөн делген өгөй атасы 4,5 жылга соттолду

Сузакта 2,5 жаштагы кызды этиятсыздыктан өлтүргөн делген жаран 4,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу “Адилет” укук коргоо уюму билдирди. Маалыматка караганда, окуя 3 жыл мурда болгон. Кыздын өлүмүнө шектелип, апасы ...

«Айдоочу шымын чечип, кызды өзүнө чакырган». Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды

«Айдоочу шымын чечип, кызды өзүнө чакырган». Кантта 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делген жаран кармалды

Кант шаарынын 17 жаштагы тургунуна белгисиз киши ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу кыздын апасы соцтармакка жазды. Маалыматка караганда, окуя 10-январда кыз мектептен үйүнө кетип бара жаткан учурда болгон. Үйгө болжол менен ...

Бейшеналиев: «Орун басарларым эс алып жатканда, мен күнү-түнү иштеп жүрдүм. Мындай кызматкерлердин кереги жок»

Саламаттыкты сактоо министри менчик медициналык университеттерди кантип жаба турганын түшүндүрдү

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге 17 менчик медициналык окуу жайды кантип жабууга ниеттенип жатканын түшүндүрдү. Билим берүү мекемелерин лицензиялоо Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлгөн. Лицензия берүүдө клиникалык базанын, ...

«Жашоо уланууда». 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты

«Жашоо уланууда». 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын айтты

Мурдагы 4-оорукананын, азыркы Тез жардам ооруканасынын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков кадимки режимде иштеп жатканын соцтармактагы баракчасына жазды. "Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 ...

Орусияда кыргыз атактуулары тартылган «Идентификация» триллер сериалы чыкты (трейлер)

Орусияда кыргыз атактуулары тартылган «Идентификация» триллер сериалы чыкты (трейлер)

Орусияда "Идентификация" аттуу көп сериялуу психологиялык триллер чыкты. Анда Москвадагы кыргыз диаспорасындагы орус кызынын тагдыры сүрөттөлөт.  Орус ЖМКлары жазган маалыматтарга караганда, режиссер Владлена Сандунун тасмасы 2019-жылы тартылган. Дүйнөлүк бет ачары ...

Депутат: «Орусияда асмандан доллар жаап жаткандай, 11-классты бүткөн жигиттер кетип жатат»

Депутат: «Орусияда асмандан доллар жаап жаткандай, 11-классты бүткөн жигиттер кетип жатат»

"Орусияга барса эле асмандан жамгыр болуп доллар жаап аткандай, 11-классты бүткөн жигиттер паспорт алары менен кетип калып жатышат". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыкты. "Ата-энеси ойлонбой ...

Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезеги (сүрөт)

Орусияда медкароодон өтүшү керек болгон миңдеген мигранттардын кезеги (сүрөт)

Москвада медкароодон өткөн деген маалымкат алуу үчүн миңдеген мигранттар кезекте турушат. Бул тууралуу Нурайым Идирисова аттуу Фейсбук колдонуучу жазып чыкты. "Кыргыз, Өзбек, Тажик жарандары кайрадан документ жасатып жатышат. 5680-кезек болуп, ...

Түлөбаев: «Мектептерде мугалим окуучуну уруп жатабы же бала мугалимди уруп жатабы белгисиз болуп жатат»

Түлөбаев: «Мектептерде мугалим окуучуну уруп жатабы же бала мугалимди уруп жатабы белгисиз болуп жатат»

"Мектептерде бир эле сабакты ар кандай китептер менен окутуп жатышат". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, бул кыргыздын келечегине балта чапкандык. "Балдардын башын айлантып, ар ...

Чүйдө 16 жаштагы кызды 4 жыл зордуктап жүргөн өгөй ата 18 жылга эркинен ажыратылды

Чүйдө 16 жаштагы кызды 4 жыл зордуктап жүргөн өгөй ата 18 жылга эркинен ажыратылды

Чүйдө өгөй кызын зордуктоого шектелген жаран күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти. Өткөн жылдын август айында Чүй ОИИБ маалымат ...

«Күйөөм кайнак суу куюп, сабачу». Түркияда кыргызстандык келин 3 кызы менен көчөдө калды

Түркияда 3 кызы менен көчөдө калган келин Кыргызстанга келбей турганын айтты

Жолдошу тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылып, көчөдө калган 1993-жылы туулган кыргызстандык келин менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка караганда, келин учурда эч кандай ...

Кара-Көлдө айдоочу унааны башкара албай, 2 бир тууганды сүзгөн. Бирөөсү жеринде көз жумду

Кара-Көлдө айдоочу унааны башкара албай, 2 бир тууганды сүзгөн. Бирөөсү жеринде көз жумду

Кара-Көлдө унаасын башкара албай, жолдон чыгып кеткен айдоочу жөө адамдар өтүүчү жолдо бара жаткан бир туугандарды сүзгөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. ...

«Куртканы башына жаап, сабашкан». Чүйдө тоноого шектүү жарандар кармалды

Москвада кыргызстандык жигит оорукананын терезеси аркылуу полициядан качып кетти

Москвада кыргызстандык мигрант Балашихадагы оорукананын терезеси аркылуу полициядан качып кетти. Анын колунда кишени бар болчу. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, жаран Кыргызстандын ИИМи тарабынан издөөдө жүргөн. Маалым ...

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 17 жана 19 жаштагы жигиттер көз жумду

Бишкек-Ош жолунда эки унаа сүзүшүп, 17 жана 19 жаштагы жигиттер көз жумду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Жигули менен Нива унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Кийинчерээк 17 жана 19 жаштагы ...

«Атам үйдөн кубалап, шаарга келип, зордогон баланы ичке сайып, 4 жыл жазамды өтөдүм» дейт келин

«Атам үйдөн кубалап, шаарга келип, зордогон баланы ичке сайып, 4 жыл жазамды өтөдүм» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайындары, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди. Ал 6 бир тууган. 4 байкеси жана иниси бар. 19 жашында апасынан айрылган. Апасы ооруп, ...

«Талак алыш үчүн күйөөмдүн мажбурлоосу менен бейтааныш адам менен түн өткөрдүм» дейт келин

«Талак алыш үчүн күйөөмдүн мажбурлоосу менен бейтааныш адам менен түн өткөрдүм» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайындары, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди. Ал турмушка 35 жашында чыккан. Анын айтымында, турмушка чыкканда эле кайненеси аны жактырган эмес. Жаңы ...

«Кайненем уулун кызганып, күйөөм экөөбүздү бир төшөккө жаткырбай койду» дейт келин

«Кайненем уулун кызганып, күйөөм экөөбүздү бир төшөккө жаткырбай койду» дейт келин

SUPERTV’нын бул жолку каарманы Элеонора Эсенгулова болду. Каарманыбыз жашоосунда кайын журту, жолдошу тарабынан бир катар кемсинтүүгө кабылганын айтып берди. Анын айтымында, турмушка өтө эле кеч чыккан. Ал турмушка чыгам деп ...

Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган

Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган

Ысык-Көлдө 47 жаштагы киши жардан түшө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы Ак-Жар жайлоосунда болгон. 47 жаштагы эркек киши кой жайып жүрүп, жарга ...

Акыркы суткада 39 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы суткада 39 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 39 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 19, Ошто — 1, Чүйдө — 7, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда ...

АРХИВ

Февраль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.