Менчик клиника жайгашкан дагы бир имарат Саламаттыкты сактоо министрлигине кайтарып берилет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканага барып, анын жетекчилиги менен жолугушуп, коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн керебеттерди жайгаштыруу боюнча көрүлүп жаткан даярдык иштери менен таанышкан. Ошондой эле, министр Бишкек шаарынын мэриясы Бишкектеги №2 клиникалык төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан «КАМЭК» көп профилдүү клиникасы менен ижара келишимин бузганын билдирген.