Ишемби, 27.04.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 07.06.2023

Алмаз Шаадаев үйлөнөт. Анын жүрөгүн багындырган ким?

Алмаз Шаадаев үйлөнөт. Анын жүрөгүн багындырган ким?

Жакында кыргыз эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев сүйүктүүсүн тапканын жана үйлөнөрүн сүйүнчүлөгөн. SuperTV телеканалы сүйүүгө балкып турган Алмаз мырза менен той алдында маек куруп, көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алды.

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин 6-7-июнда Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапары аяктады. Мамлекеттик сапарын аяктап, бүгүн, 7-июнда ал өлкөдөн учуп кетти.

Арча-Бешик конушунун тургундары жолду буушту деген видео тарады

Арча-Бешик конушунун тургундары бууган жол ачылды

Бишкектин Түштүк магистралы боюнча кыймыл калыбына келтирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Бүгүн, 7-июнда саат 17:30 чамасында Шералиев көчөсү жана Түштүк магистралынын кесилишинде 35тей адам чогулуп, алар суунун жоктугунан ...

Ташиев Ноокат жолунун курулушун жеке көзөмөлүнө алды

Ташиев Ноокат жолунун курулушун жеке көзөмөлүнө алды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ноокат автожолундагы жолдун курулушун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады. Узундугу 15 чакырымга жакын жол ушул жылдын сентябрь ...

Суу жок деп эл көтөрүлөбү? Депутаттардын жообу

Суу жок деп эл көтөрүлөбү? Депутаттардын жообу

Бишкекте суунун тартыштыгы боюнча көйгөй күндөн күнгө курчуп жатат. Мэрия мончо жана унаа жуучу жайлар сыяктуу жайларды убактылуу жаап, атүгүл айрым райондордун тургундарына түнкү убакытта суу берүү токтотулары да айтылды. ...

Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Жыйында баяндама жасаган ...

Арча-Бешик конушунун тургундары жолду буушту деген видео тарады

Арча-Бешик конушунун тургундары жолду буушту деген видео тарады

Арча-Бешик конушунун тургундары Түштүк магистралды буушту деген видео тарады. Алар суу көйгөйүн чечип берүүнү талап кылышууда. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/06/video_2023-06-07_18-00-55.mp4 Бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев «эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат» деген болчу. Ага жооп иретинде ...

Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Буга чейин ал 3-орунда болгон. Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ...

Вице-мэр Орунтаев билек түрө сейил бактарга киришти

Вице-мэр Орунтаев билек түрө сейил бактарга киришти

Борбор калаада мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан "Ынтымак-1" жана "Ынтымак-2" парктарында өз билемдик орнотулган жеңилдетилген типтеги объекттер демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. ...

Депутат Мадумаров Токтогул ГЭСтеринин каскадын стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуштады

Депутат Мадумаров Токтогул ГЭСтеринин каскадын стратегиялык объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттер чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү жана ички ...

Жүрөк элжирейт! Жол киреге акчасы жетпей калган кызга карыя 100 сом берген

Жүрөк элжирейт! Жол киреге акчасы жетпей калган кызга карыя 100 сом берген

Жол киреге акчасы жетпей калган кызга карыя 100 сом берген. Мындай жүрөк элжиреткен билдирүү соцтармактын колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды. "Ишке шашып жатып, капчыгымда акча жоктугун байкабай калыптырмын. Маршруттук таксиге ...

Депутат аскер кызматкерлерине ипотекалык насыя берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү

Депутат аскер кызматкерлерине ипотекалык насыя берүү шарттарына өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрдү

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Демилгечи – Министрлер ...

Акылбек Жапаров Сочи шаарына барды

Акылбек Жапаров Сочи шаарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйналыштарына катышуу үчүн Сочи шаарына (Орусия) жумуш сапары менен барды. Жумуш сапарынын алкагында ...

Ысык өтүп кетпесин десеңиз… Эрежелер топтому

Ысык өтүп кетпесин десеңиз… Эрежелер топтому

Ысыктан сактануу боюнча бир катар эрежелерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен таратышты. Аптапта ичкен тамак-аш маанилүү роль ойнойт. Маселен, күн ысыкта ичтен жылыткан тамактан бал, чочконун майын жебеңиз. Жатар алдында эт, оор ...

Садыр Жапаров Катар эмирине кыргыз табиятынын кооздугун көрсөттү

Садыр Жапаров Катар эмирине кыргыз табиятынын кооздугун көрсөттү

Президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 7-июнда “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты. Өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, “Алп” баатырлар ...

Депутат: «Жыл сайын 3 миңдей жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишет»

Депутат: «Жыл сайын 3 миңдей жөө жүргүнчүнү сүзүп кетишет»

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Тентишев «Кыргызстанда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен жол кырсыктарынын көрсөткүчүн талдоону карасак, 2020-жылдан 2022-жылга чейин жыл сайын жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн 3 миңге жакын учур ...

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 7-июнда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Төмөнкү документтерге ...

УКМК: Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды

УКМК: Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды

31-майда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. Такталгандай, ...

Орусиялык блогер Евгений Понасенков кармалды

Орусиялык блогер Евгений Понасенков кармалды

Москвада орусиялык блогер Евгений Понасенков 6-июнда болгон мушташтан кийин кармалды. Бул тууралуу Baza жазды. Маалыматтарга караганда, блогер жана анын досу 60 жаштагы эркек киши менен чырдаша кеткен. Блогердин досу эркек ...

Садыр Жапаров Катар эмирине: «Араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келдиңиз»

Садыр Жапаров Катар эмирине: «Араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келдиңиз»

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. “Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык ...

УКМК: Лейлекте мыйзамсыз алып келинген Лексус GX 470 унаасы кармалды

УКМК: Лейлекте мыйзамсыз алып келинген Лексус GX 470 унаасы кармалды

УКМК тарабынан Кыргызстанга кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз алып өтүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-июнга караган түнү Лейлек районунун Раззаков шаарында Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул ...

Ноокат районунда 22 мал уурдоого шектүү кармалды

Ноокат районунда 22 мал уурдоого шектүү кармалды

23-май күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын сегиз тургуну Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан. Анда алар апрель айында жалпы 22 баш малын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай ...

Шакиев суу көйгөйү боюнча: «Парламентте карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт»

Шакиев суу көйгөйү боюнча: «Парламентте карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт»

"Парламентте карасак эле мөңгү эрип, суу көбөйүп кетпейт". Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди. "Быйыл күн суук болуп, мөңгү жана кар эрибей, жылдагыдан суунун келиши аз ...

Садыр Жапаров менен Катардын эмиринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Катардын эмиринин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстандын жана ...

Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоодо 189 миллион сом кымырылган

Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоодо 189 миллион сом кымырылган

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо проектиси боюнча подряддык компанияга 20 миллион 136 миң 220 доллар которулгандыгы аныкталган. Бирок аталган министрликтин ...

Астанада суунун жоктугунан тургундар жолду буушту

Астанада суунун жоктугунан тургундар жолду буушту

Кечээ, 6-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында "Браво" турак-жай комплексинин жашоочулары суунун өчүрүлгөнүнө каршылыгын билдиришип, жолду буушту. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты. Тургундар 37 градуска жеткен ысыкта бир канча күндөн бери ...

Депутат Бекешев: «Эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат»

Депутат Бекешев: «Эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат»

"Эл суу көйгөйү боюнча көчөгө чыгат". Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. "Бишкекте чоң маселе болуп, аны эл көтөрүп жатат. Мен бул маселени үч аптадан ...

Депутат Атазов элдик дарыгерлердин тизмесин аныктоону табыштады

Депутат Атазов элдик дарыгерлердин тизмесин аныктоону табыштады

Кечээ, 6-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Жалолидин Нурбаев, Фарходбек Алимжанов “Элдик дарыгерлик” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда негизинен “Элдик медицина жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланып, ага Саламаттыкты сактоо министрлигинен ...

Бишкекте 100дөй объектте суу берүү токтотулду

Бишкекте 100дөй объектте суу берүү токтотулду

Ичүүчү суунун тартыштыгына байланыштуу Бишкекте ичүүчү сууну колдонгон 100гө жакын объект өчүрүлдү. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти. Ленин районунда 35 объект суу берүү токтотулду, буга чейин 48 объект ...

Бишкектин түштүк райондоруна түнү суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк райондоруна түнү суу берүү токтотулат

Бишкектин түштүк кичи райондорунда үйлөрдүн жогорку кабаттарында, ошондой эле “Ынтымак” жана “Ала-Арча” конуштарында ичүүчү сууну берүү саат 23:00дөн саат 06:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу "Бишкек суу канал" ишканасынан билдиришти. "Бишкек ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.