Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 7-июнда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосунда айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катар Мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.
- И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.