Шаршемби, 10.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 28.12.2024

Аба ырайы: эртең күн ачык болот

Кыргызгидромет борбору эртең, 29-декабрда өлкө боюнча жаан-чачын болбойт деп билдирди. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9, Баткен, ...

Бишкекте Ленин жана Аламүдүн районунун аскер комиссарлары камакка алынды

УКМК 17-декабрда Ленин жана Аламүдүн аскер комиссарларын камакка алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алуу жана аскердик билеттерин берүү менен алектенишкен. ...

Казакcтанда кулаган учак кырсыгынан жабыркагандар мекенге алып келинет

Казакcтанда кулаган учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар мекенге алып келинет. Бул тууралуу билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 28-декабрда Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү ...

Алымкадыр Бейшеналиев: «Кыргызстан 2024-жылы жыйырма беш оорукана курду»

"Тарыхыбыздагы эң чоң жетишкендик - Кыргызстандын ооруканаларында бөйрөк, боор жана сөөк чучугун алмаштыруу иштери башталганы. Мен ойлойм, жакын арада жүрөк алмаштырууга да жетебиз". Мындай билдирүүнү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ...

Путин Алиевге телефон чалып, Актаудагы авиакырсык үчүн кечирим сурады

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге телефон чалып, Казакстанда кулаган Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыйрашына байланыштуу кечирим сураганын Кремль билдирди. Сүйлөшүүдө Орусиянын президенти Владимир Путин учак Грозныйга бир ...

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары телефондо сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчылары телефондо сүйлөштү

Бүгүн, 28-декабрда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү. Алар чек аранын калган участкаларынын долбоордук сыпаттамасы аяктаганын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз ...

Нарында токой фондунун жерин атасына менчиктештирүүгө шектүү директор кармалды

Нарында токой фондунун жерин атасына менчиктештирүүгө шектүү директор кармалды

УКМК Нарын токой фондусунан 208,7 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү жана ижарага берүү фактысын аныктаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Мыйзамсыз берилген жерге салынган турак жайдын жана кошардын болжолдуу ...

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Ринатты алып келүүгө учак даяр

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Ринатты алып келүүгө учак даяр

"Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргыз жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, учакта алып келүү кооптуу. Дарыгерлер уруксат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет". ...

Бишкекте президенттик жаңы жылдык балаты өттү (фото)

Бүгүн, 28-декабрда Улуттук филармонияда балдар үчүн салтка айланган жаңы жылдык балаты болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышышты. Өлкө башчысы балдарды куттуктап сөз сүйлөп, андан ...

«2024-жылы Зардалыга жарык берилди». Энергетика министри Таалайбек Ибраев жыл жыйынтыгын чыгарды

«2024-жылы Зардалыга жарык берилди». Энергетика министри Таалайбек Ибраев жыл жыйынтыгын чыгарды

Энергетика министрлигинин 2024-жылы аткарган иштери, жетишкендиктери тууралуу министр Таалайбек Ибраев маалымат берди. "2025-жылы - эң чоң проектибиз Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу ишке аша баштайт. Ушул жылы ага даярдыктар көрүлдү. Көпүрө, ...

Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан №455 даректеги спорт комплексинин ашканасы жана жатаканасы прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз ...

Бишкектеги эки дарыянын нугун тазалоо иштеринде 85 техника иштеп жатат

Бишкектеги эки дарыянын нугун тазалоо иштеринде 85 техника иштеп жатат

Бишкекти аралап өткөн Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын тазалоо иштерине 30 экскаватор жана HOWO маркасындагы 55 жүк ташуучу унаа тартылды. Жалпысынан 85 техника иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 27-декабрда ...

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ноокендеги “Бүргөндү” чек ара тозотуна кызматтык аттарды тапшырды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Ноокендеги “Бүргөндү” чек ара тозотуна кызматтык аттарды тапшырды

Кечээ, 27-декабрда президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун “Бүргөндү” чек ара тозотуна беш баш кызматтык аттарды тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аттар райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу ...

Катталуучуларын көбөйтүү максатында акча катып, элди дүрбөлөңгө салган жаран кармалды

Катталуучуларын көбөйтүү максатында акча катып, элди дүрбөлөңгө салган жаран кармалды

Катталуучуларын көбөйтүү максатында ар кайсы жерге акча каткан жаран милиция тарабынан кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Бишкектин Ленин РИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Социалдык тармактарда «Ак-Ордо» коңушунда адамдардын топтолуп, ...

«Царица» шоусу: Бегимай Турусбекова финалда

«Царица» шоусу: Бегимай Турусбекова финалда

27-декабрда «Царица» шоу берүүсүндө кыргызстандык катышуучу Бегимай Турусбекова калыстар берген 40 упай жана көрүүчүлөрдүн 9,75 баллы менен кийинки турга өттү. Баары биригип Бегимай 99,52 упай алып финалга чыкты. Бул жолу ...

Өмүрбек Бабанов ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырды

Өмүрбек Бабанов ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырды. Мындай видео социалдык тармактарда тарады. MБанктын жаңы жылдык кечесинде бизнесмен Өмүрбек Бабанов Орусияда өтүп жаткан “Царица” сынагынын катышуучусу, кыргызстандык ырчы ...

АРХИВ

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.