Өмүрбек Бабанов ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырды. Мындай видео социалдык тармактарда тарады.
MБанктын жаңы жылдык кечесинде бизнесмен Өмүрбек Бабанов Орусияда өтүп жаткан “Царица” сынагынын катышуучусу, кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбековага 1 миллион сом сыйлык тапшырган.
Видеодо Бабанов Бегимайдын талантына жогору баа берээрин, аны менен сыймыктанаарын билдирген. Андан сырткары ырчынын чыгармачылыгы өлкө намысын коргоо менен бирге эл аралык деңгээлде таанылууга жол ачарын кошумчалаган.
Бегимай Турусбекова бул сынакта Кыргызстандын жалгыз өкүлү болуп саналат.