27-декабрда «Царица» шоу берүүсүндө кыргызстандык катышуучу Бегимай Турусбекова калыстар берген 40 упай жана көрүүчүлөрдүн 9,75 баллы менен кийинки турга өттү. Баары биригип Бегимай 99,52 упай алып финалга чыкты.
Бул жолу кыргызстандык ырчы “Ты и я” жана “Была любовь” чыгармаларын аткарды. Калыстар тобундагы Регина Тодоренко «Биз көзүбүзгө жаш алдык! Ушунчалык мыкты аткаруу болду» деп баалады. Аны менен кошо дагы үч катышуучу финалда ат салышат.
Видео ырчы, аткаруучу Бегимай Турусбекованын Instagram баракчасынан алынды:
Посмотреть эту публикацию в Instagram