Ишемби, 22.03.2025
Бишкек booked.net
+15...+22° C

День: 20.03.2025

Футбол:

Футбол: Кыргызстандын курамасы Өзбекстандан жеңилип калды

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттешти. Беттеш Ташкенттеги Бунёдкор стадионунда болуп өттү. 1-таймдын 40-мүнөтүндө ...

Садыр Жапаров Оштогу борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү

Садыр Жапаров Оштогу борбордук мечитте ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Оштогу Сулайман-Тоо борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү. Мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, анын ыймандын бекемделиши жана сооп иштер үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал ...

Кыргызстан менен Өзбекстан беттеши. Эски аянттагы күйөрмандардын маанайы кандай?

Кыргызстан менен Өзбекстан беттеши. Эски аянттагы күйөрмандардын маанайы кандай?

Бүгүн, 20-март күнү Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Беттеш Бунёдкор стадионунда (Ташкент шаары) Бишкек убактысы боюнча ...

Журналист Канышай Мамыркулованын милицияда сурак берип жатканы айтылды

Журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка камалды

Журналист Канышай Мамыркулова 48 саатка кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Сыдыков билдирди. Маалыматка караганда, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (Массалык баш аламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ...

Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудит кандай кемчиликтерди ашкереледи? Эсептөө палатасынын маалыматы

Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудит кандай кемчиликтерди ашкереледи? Эсептөө палатасынын маалыматы

Эсептөө палатасы тарабынан 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит олуттуу мыйзам бузууларды жана каржылык тартиптеги кемчиликтерди ...

21-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 21-мартта өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы:  Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28; Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27; Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн ...

Аруузат, Хамза, Асланга акча чогултуу: Кандай көйгөйлөрдү ачыктады? Элдин жана эл өкүлдөрүнүн пикири

Аруузат, Хамза, Асланга акча чогултуу: Кандай көйгөйлөрдү ачыктады? Элдин жана эл өкүлдөрүнүн пикири

Аруузат, Хамза, Аслан... Омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган бул 3 баланын ар бирине 2 миллион долларды эл чогултуп берди. Бул көрүнүш мамлекеттеги, ошол эле Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги кандай көйгөйлөрдү ачыктады? ...

Депутат Самаков: «Эттин баасын көзөмөлдөбөсө жакында 1000 сомго чыгат»

Депутат Самаков: «Эттин баасын көзөмөлдөбөсө жакында 1000 сомго чыгат»

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго эттин баасы көзөмөлдөнбөсө 1000 сомго чыгарын эскертти. Депутат министрдин орун басарына "Кыргызстанда жылына канча тонна эт ...

Журналист Канышай Мамыркулованын милицияда сурак берип жатканы айтылды

Журналист Канышай Мамыркулованын милицияда сурак берип жатканы айтылды

Журналист Канышай Мамыркулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов социалдык тармактагы баракчасында жазды. Маалыматтарга караганда, ага бийликти күч менен басып алуу аракети ...

24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Узакка созулган аномалдуу жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 24-26-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым ...

Айыл чарба министрлигинде дал келбестиктердин суммасы 2 миллиард 304 миллион сомдон ашты

Айыл чарба министрлигинде дал келбестиктердин суммасы 2 миллиард 304 миллион сомдон ашты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде жалпы дал келбестиктердин суммасы 2 миллиард 304 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти. 2023-жылы министрликке бөлүнгөн бюджеттин жалпы ...

Аламүдүн районунун прокурору кармалды

Аламүдүн районунун прокурору кармалды

УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорун кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жарандан арыз ээсине карата мурда козголгон ...

Журналист Канышай Мамыркулованын кайда экени белгисиз болгону айтылууда

Журналист Канышай Мамыркулованын кайда экени белгисиз болгону айтылууда

Социалдык тармактын колдонуучулары журналист Канышай Мамыркулованы кармап кеткенин жазышууда. Жарандык активист Аманбол Бабакулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, ага Канышай Мамыркулованын кызы чалып, апасын кармап кеткенин айткан. Анын айтымында, ...

Эльдар Сулайманов: «Шайлоочулардын саны аз. 1 жаран 3 добуш берсин»

Эльдар Сулайманов: «Шайлоочулардын саны аз. 1 жаран 3 добуш берсин»

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун талкуусунда депутат Эльдар Сулайманов бир шайлоочу 3 добуш берсин деген сунушун билдирди. "Мына БШКнын өкүлү айтып ...

Кубанычбек Самаков шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча: «Мыйзам кабыл алынса регионалдык баланс сакталат»

Кубанычбек Самаков шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча: «Мыйзам кабыл алынса регионалдык баланс сакталат»

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун талкуусунда депутат Кубанычбек Самаков бул мыйзам кабыл алынса, регионалдык баланс сакталарын айтты. "Эмнегедер биз гендер жагына ...

Туманбаев ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Туманбаев ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев МИК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда Чыңгыз Айтматов 102/1, 102/2 дарегинде 6 блоктон турган жалпы 612 батир курулууда. Андан ...

Түлөбаев шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча: «Эки чоң бомбаны айтып коёюн»

Түлөбаев шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча: «Эки чоң бомбаны айтып коёюн»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшү боюнча оюн айтты. "Майда-чүйдөсүн эмес, эки чоң бомбаны айтып коёюн. Биринчи шайлоо күрөөсү, саясий партиялар үчүн 9 миллион сом эмне деген ...

Депутат: «Депутаттык шайлоодо айымдардын квотасын чектебеш керек»

Депутат: «Депутаттык шайлоодо айымдардын квотасын чектебеш керек»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова депутаттык шайлоодо айымдардын квотасын чектебеш керектигин билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын жарымынан көбү айымдар. "Шайлоого аялдар активдүү катышышат. Үйдө түйшүгү болсо да, жумушун таштап шайлоого ...

Депутат Мамашова: «Аялдарга зордук-зомбулук болсо, айымдар гана көтөрөт. Ошол үчүн депутат айымдар керек»

Депутат Мамашова: «Аялдарга зордук-зомбулук болсо, айымдар гана көтөрөт. Ошол үчүн депутат айымдар керек»

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова айымдарга парламенттин ролу чоң экенин, ар бир айымдын үнү Жогорку Кеңеште угулуп турушу керектигин айтты. "Биздин шайлоочулардын 52 пайызы айымдар. Айымдарга парламенттин ролу өтө ...

Төрага: «Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу эске алынган»

Төрага: «Шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу эске алынган»

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу шайлоого байланышкан жаңы мыйзам долбоорунда чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укугу толук эске алынганын баса белгиледи. Москва, Санкт-Петербург, Чикаго өңдүү кыргызстандыктар көп жүргөн башка ...

Садыр Жапаров Баткен мэриясына футбол комплексин курууга 1 миллиард сом бөлүнөрүн айтты

Садыр Жапаров Баткен мэриясына футбол комплексин курууга 1 миллиард сом бөлүнөрүн айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин жана өлкө боюнча онлайн режиминде ...

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет

Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстан беттешет

Бүгүн, 20-мартта Өзбекстандын «Бунедкор» стадионунда 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпиондугунун тандоо раундунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. Саат 19:00дө Эски аянтта ...

Депутат: «Кайра-кайра шайланган депутаттарга чектөө киргизсек кандай болот?»

Депутат: «Кайра-кайра шайланган депутаттарга чектөө киргизсек кандай болот?»

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарды шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун талкуусунда депутат Медер Алиев бир жаран эки жолу депутат боло алат деген чектөөнү киргизүү тууралуу пикирин ...

Кайрат Примбердиевдин Ормон хан үчүн кечирим сурашы. Сот чечим чыгарды

Кайрат Примбердиевдин Ормон хан үчүн кечирим сурашы. Сот чечим чыгарды

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев социалдык тармактагы баракчасында казакстандыктардан Ормон хан үчүн кечирим сураганы боюнча иш аягына чыкканын билдирди. "УКМК тарабынан бул иш каралып, 330-берене (эл ...

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди ...

«Ахунбаева эмес, Ахунбаев». Төрага көчөлөрдүн атын туура айтууга чакырды

«Ахунбаева эмес, Ахунбаев». Төрага көчөлөрдүн атын туура айтууга чакырды

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу коомчулукка көчөлөрдүн аталышын туура айтууга чакырды. Ал президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып Бишкек мэриясы көчөлөрдүн аталышы мамлекеттик тилде жазылышы ...

Трамп иш бөлмөсүндөгү кызыл баскычты басып, эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү

Трамп иш бөлмөсүндөгү кызыл баскычты басып, эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп журналистке столундагы кызыл баскычты көрсөтүп, аны басты.  Ак үйдүн сүйрү кабинетиндеги президенттин столунда турган кызыл баскыч диеталык кола алдырыш үчүн керек. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд ...

«Кыймыл-аракети жай экен». Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөт башчыны сындады

«Кыймыл-аракети жай экен». Жогорку Кеңештин төрагасы өкмөт башчыны сындады

Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жанар Акаев өткөн жылдын аягында саясий реперессияга кабылган ата-бабаларды актоо боюнча тарыхый мыйзам кабыл алынганын айтып, мыйзамдын 3-беренеси боюнча, өкмөт 3 айдын ичинде комиссия түзүп Жогорку ...

СМА менен жабыркаган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңешке барышты

СМА менен жабыркаган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңешке барышты

Кечээ, 19-март күнү өлкөдөгү омуртка булчуң атрофиясы диагнозу коюлуп, ал оору менен көп жылдан бери алышып келе жаткан балдардын ата-энеси менен Жогорку Кеңеште жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу депутат Советбек ...

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан чыгып кеткен кыздар табылды

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыздар табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, кыздар кечээ, 19-мартта табылган. 15-мартта Ленин РИИБге жаран кайрылып, 2008 жана 2010-жылы туулган кыздарды табууга ...

Страница 1 of 2 1 2

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.