Учурдун хитмейкери аталган ырчы Эрлан Андашев сентябрь айында Бишкекке келип жеке концертин берүүнү пландоодо. Ырчы мырза 10 жылдан кийин мекенине келген сапары тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү билдирди.
— Буюрса, жакынкы аралыкта Кыргызстанга үй-бүлөм менен барам. Эл, күйөрмандарым ошончо келгенден кийин концерт коюп кет деп суранышканынан 23-24-сентябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда жеке концертимди берүүнү чечтим. Концертти өткөрүүгө жардам берем, уюштурам дегендер болуп жатат. Алар менен сүйлөшүп, кеңешип, башкача, жогорку деңгээлдеги концерт уюштурайын деп жатабыз«, — дейт Эрлан Андашев.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, композитор, акын, обончу Маматибраим Бостонкулов көз жумду. Бул тууралуу маркумдун кызы ырчы Гүлсүн Бостонкулова билдирди....
Ырчы Калыс Жакыпов социалдык тармактагы баракчасында сүйүктүүсүнүн колун сураган видео менен бөлүштү. Ал актриса Айдана Тыныбековага үйлөнүү сунушун киргизди. "Сүйүү...
Кечээ, 2-июлда актриса Айпери Чотонова көз жарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазды. "Кудайдын каалоосу менен ата-эне болдук. Биздин...
Ушул жылдын 28-февралында актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова оорудан улам 60 жаш курагында акка моюн сунган. Маркумдун сахналаш достору аны эскеришти. “Ырыс ооруп жатканын...