Ырчы Сема мектепти аяктаган уулуна унаа белек кылган видео менен бөлүштү.
«Сиздер менен жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшкүбүз келди! Бүгүн биздин үй бүлөбүз үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири. Уулубуз 18 жашка толуп, мектепти ийгиликтүү аяктап, бизди кубантып отурат.
Ата-эне катары уулубузду ар дайым колдоп, сүйүнүч-кубанычын бирге бөлүшүп, уулубузга биринчи унаасын белек кылдык! Бул белек анын эмгегинин, жоопкерчилигинин жана жаңы ийгилик жолунун символу болсун дедик.
Уулум, сага кааларыбыз ар бир жасаган кадамың байсалдуу, иштериң ийгиликтүү окууларыңда көптөгөн жетишкендиктер болсун. Ар дайым жолуң ачык болсун, биз ошолорго тилектеш болуп, дайым жаныңда болорубузду унутпа«,- деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram