Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тарады. Окуя боюнча аталган кызматтан маалымат беришти.
Маалыматка караганда, «102» кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, жол жээгине кызматтык унааны токтотуп, чакырууну тейлеп кирип кетишкен.
«Ошол учурда белгисиз эркек жаран кызматтык унаанын үстүнө отуруп, өзүн күзгүдөн карап, жосунсуз жоруктарды көрсөткөн. Азыркы учурда ал жаран изделип жатат. Жоопкерчилиги сөзсүз каралат», — дешти милициядан.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...