Социалдык тармактарда Милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасынын үстүнө отуруп алган жарандын сүрөт, видеосу тарады. Окуя боюнча аталган кызматтан маалымат беришти.
Маалыматка караганда, «102» кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканалардын биринде мас жаран ызы-чуу салып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, жол жээгине кызматтык унааны токтотуп, чакырууну тейлеп кирип кетишкен.
«Ошол учурда белгисиз эркек жаран кызматтык унаанын үстүнө отуруп, өзүн күзгүдөн карап, жосунсуз жоруктарды көрсөткөн. Азыркы учурда ал жаран изделип жатат. Жоопкерчилиги сөзсүз каралат», — дешти милициядан.
Алдамчылык фактысы боюнча курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан турак жайларды курууда мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоого...
Таласта жасаган операциясы үчүн акча алууга шектүү дарыгер кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза...
Кечээ, 14-июль күнү Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу жайларынын биринин пляжында 7 жаштагы баланы суудагы скутер сүзүп кеткен. Бул...
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок...