Бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстандын убактысы боюнча саат 21:00дө Катарда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун ачылыш аземи болуп өттү.
Аренада улуттук ырлар ырдалып жана бийлер бийленди. Мунун баары Голливуд легендасы Морган Фримандын залга кириши менен аяктады. Ошондой эле аренада чемпиондукка катышчу өлкөлөрдүн желектери желбиреди.
Буга чейинки Дүйнөлүк чемпиондуктун гимндери жаңырып, ошол турнирлердин тумарлары да, быйылкы жылдын талисаманы да чыгарылды. Андан соң BTS тобунун ырчысы Чонгук менен бирге Катар өлкөсүнүн ырчысы Фахад Аль-Кубаиси ырдап чыкты. Ырдан кийин Катар өлкөсүнүн тарыхы көрсөтүлдү. Катардын эмири сөз сүйлөп, чемпиондукту ачык деп жарыялады. Ачылыш азем фейерверк менен жыйынтыкталды.
Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Түндүк Корея...
5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Корея курамасына каршы ойнойт. Оюн Эр-Риядда өтөт. Футбол сүйүүчүлөрү үчүн "Ала-Тоо" аянтында...
Кечээ, 1-июнда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 31-майда жана 1-июнда өткөн «Мурас» футболдук мелдеши жыйынтыкталды. Мамлекет башчысы өз сөзүндө спорт...
Белгилүү мушкер Самат Абдырахманов оор салмактагы UFC'нин азыркы чемпиону Жон Жонско улуттук кийимдерди тартуу кылды. Видео менен мушкер өзүнүн Инстаграм...
Франциянын “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) клубу тарыхта биринчи жолу УЕФАнын Чемпиондор лигасын жеңип алды. Финалдык беттеште “ПСЖ” Италиянын “Интер” командасын 5:0...