Кечээ, 7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Алай районундагы “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын №960-жол эксплуатациялоо филиалына барып, аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Бул филиал жалпысынан 222 чакырым жолду тейлейт, анын 188 чакырымы эл аралык мааниге ээ. Учурда аталган жерде кыш мезгилине ылайыкташкан жаңы заманбап имараттын курулушу жүрүп жатат. Имаратта техникалар үчүн гараждар, жылуулатылган устаканалар жана кеңсе бөлмөлөрү каралган. Курулуш иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталып, 2025-жылдын 1-августуна чейин аякташы пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 43 миллион сомду түзөт.
Жолугушуу маалында бул жолдор Кытай менен Тажикстанды байланыштырган маанилүү эл аралык транспорт каттамдары экени белгиленип, кыштын катаал шарттарына даярдык көрүү максатында жаңы техникаларга болгон муктаждыкты чечүү маселеси талкууланды.